Токтогул районундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Токтогул районундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ Ош-Бишкек унаа жолунун 260-чакырымында Тойота Превиа үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай күйүүчү май ташыган унааны артынан сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаадагы 3 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда алар Токтогул райондук ооруканасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Totyua.71.
2016-12-01 09:33:35
Аман калышыптыр дагы Кудай колдоп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан