Криштиану Роналду авиакырсыкта мерт болгон бразилиялык футболчулардын жакындарына 3 миллион евро берди

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Колумбиядагы авиакырсыкта көз жумган "Шапекоэнсе" клубунун футболчуларынын жакындарына акчалай жардам көрсөттү. Чет элдик маалымат булактары бөлүнгөн каражаттын суммасы 3 миллион еврону түзгөнүн маалымдашат.

Маалыматка ылайык, футболчу бул кайрымдуулук иши тууралуу азырынча ооз ача элек. Ал болгону Фейсбуктагы баракчасы аркылуу көңүл айткан. "Бул кырсык мени кайгыга салды. Клубдун көз жумган өкүлдөрүнүн жакындарына жана бул кырсыкта жан берген бардык адамдардын жакындарына көңүл айтам", - деп жазган футболчу.

Кошумчалай кетсек, Колумбияга бет алган футболчуларды алып бараткан учак кырсыкка учурап, борттогу 81 адам жабыркаган. Анын 72си жүргүнчүлөр, 9у анда кызмат кылган адамдар болчу. Учак кыйраган окуяда 6 гана адам аман калган, анын үчөө футболчулар. Бразилиялык футболдук клубдар өлкөнүн Футбол федерациясына кайрылып, "Шапекоэнсе" клубунун келечеги тууралуу сунуштарын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
ekaterinburg
2016-12-01 09:53:33
Не дейбиз,маладэссс.Сооп иш.
+15
uli1988
2016-12-01 10:01:40
Красавчик
+14
aitolkunrysbaeva
2016-12-01 10:04:31
Охоо ийгилик каалайм дагы да сооп иштерди кыла берсин Кыргызстанда да ушундай адамдар коп болсо экен
+15
Kakaly
2016-12-01 10:16:48
Молодец !!!!
+11
kilim
2016-12-01 10:48:16
Адамгерчиликтуу адам Криштик
+11
aksy.koi-tash
2016-12-01 10:49:06
Игилик калайм ушундай иштери учунда мен роналдону эн мыкты футболис деп эсептейм
+10
Dodon
2016-12-01 10:50:43
Месси 13 милион евро берди мунуда жазбайсынарбы супер
-21
leilekstan_1987
2016-12-01 11:31:08
Dodon,Месси оз мамлекетинде салык толобой соттошуп журот каякта акча бермек эле. Месси акчаны жакшы корот кайрымдуулук иштерди жасабайт.
+22
islam.akimov.kg
2016-12-01 11:45:10
Красавчик C7
+7
konurat.93
2016-12-01 12:05:18
Рональдо мен геймин дедиго
-13
UlukmanKalyev
2016-12-01 12:15:09
konurat.93, туура түшүнөсүңөр Коке Рональдого сен мыкты фудболчусун дедиле оа мен мен мыкты фудболчумун деди да.
-5
tulpar90
2016-12-01 12:20:42
Кайрымдуулук жакшы нерсе ар бир адамдын колунан келе бербейт.
+7
Patriot..kg
2016-12-01 14:21:13
Эркек!!! РОНАЛДУНУН ушул сапатын баалайм да
+6
bek-94
2016-12-01 22:35:59
Малатцы
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан