Колумбиянын "Атлетико Насьональ" футболдук клубу Түштүк Американын Футбол конфедерациясына Кубоктон баш тарта турганын билдирди. Команда Түштүк Америка Кубогу үчүн бразилиялык "Шапекоэнсе" клубу менен беттешмек. Бирок бразилиялык футболчулар учуп келе жаткан учак 29-ноябрда кырсыкка учурап, клубдун өкүлдөрү, футболчулар өмүрү менен коштошкон. Командалар 2 оюн ойноп, кубок ээсин аныкташмак.
Чет элдик маалымат булактары "Атлетико Насьональ" клубунун сунушу тууралуу маалымат таратып жатышат. Маалыматта клубдун чемпиондуктан баш тартары, "Шапекоэнсе" клубун мелдештин жеңүүчүсү деп табуу сунушу айтылат.
Учактын бортунда 81 адам болгон. Жыйынтыгында анын 6сы гана аман калган.