Бишкекте 6-12-декабрь аралыгында тогуз коргоол боюнча залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган мелдеш болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда жекеликте уландар арасында жана кыз-келиндер арасында бирден жеңүүчү аныкталат. Улуттук китепканада орун алчу мелдешке Казакстан, Монголия, Түркия, Түркмөнстан жана Кытайдан спортчулар чакырылган.