МЕДИА-ПОРТАЛ: "Көктөгү жылдыз" клибиндеги кыйынчылыктарга эки кыз чыдабай койгон" дейт Мүзүр Мамбетов

"Кеңеш" тобунун "Көктөгү жылдыз" ырынын клибинде чыныгы сүйүү менен жасалма сүйүүнүн айырмасы, чыккынчылык, зордук-зомбулук көрсөтүлөт. Аталган топтун ырчысы Мүзүр Мамбетов клиптеги зордуктоо учурундагы кадрды алууда эки кыз ойной албай койгондуктан, башка кызды тандап алышканын айтат.

"Биз клипке алгач башка кызды тартып жатканбыз. Кызды жулмалаган кадр бар эмеспи, ал учурду чындыкка окшоштуруп, ачыгыраак тарталы дегенбиз. Бирок менталитетке туура келбегендиктен, окуянын көлөкөсүн гана көрсөтүп койдук. Жасалмасы жок тарталы дегенибизге башкы каарман кыз чыдабай кетип калган. Андан кийинки кыз да ошондой болду. Алар ойлошсо керек, "ары-бери басып эле тартылса болот" деп. 3 мүнөттүк клип ушундай кыйынчылык менен тартылса, кино азап болот деп ойлоп калышты го. Себеби клип кандай азап менен тартыларын көрүштү да", - дейт ырчы.

Андан соң клип тууралуу айтылып жаткан ойлорго токтолду:

"Кийин тартылган башкы каарман кыз тууралуу "анча сулуу эмес экен" деген сөздөрдү айтып жатышат. Түрдүү сын-пикирлерди жазгандарга айтар элем, клипке тартылуу үчүн бир гана сулуулук эмес, актёрдук чеберчилик, кээ бир убакта ыйлап-күлүшү керек. Керемет кандай кыйынчылык болбосун, жакшы ойноп берди, андыктан ага ыраазычылык билдирем".

"Кеңеш" тобунун "Көктөгү жылдыз" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tilekovazh
2016-12-02 01:09:59
Шикарно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан