Ошто өлкө кубогу үчүн 8 команданын катышуусунда волейбол боюнча мелдеш старт алды

Кечээ, 30-ноябрда Ош шаарында даңазалуу сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогу старт алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мелдештин ачылуу аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев, С.Чокморовдун бир туугандары, С.Чокморов атындагы фонддун өкүлдөрү, ошондой эле спорт күйөрмандары катышты.

Республикалык мелдеш 30-ноябрдан 4-декабрга чейин уланмакчы. Жалпысынан өлкө боюнча 8 волейбол клубу катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jigitaly
2016-12-01 19:03:47
Видеосун кайдан корсок болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан