21:45. Сайкал Садыбакасованын чыгармачылыгынын 15 жылдыгына карата өткөрүлгөн жеке концерти "Кыргызстан" аттуу ыры менен жыйынтыкталды. Ырдап, бийлеп, баарына жетишкен ырчы бул концертинде өзүнүн күйөрмандарына жаңы чыгармаларын тартуулады. Кече соңунда ырчыны күйөрмандары гүлгө ороп, ийгилик каалап тарашты.
21:35. Казактын ырчы кызы Индира Елемес Сайкал Кыргыз жеринде эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да популярдуу экенин айтып өттү. Ырчы өз репертуарындагы чыгарманы аткарган соң "Кыз-Бурак" тобунун "Практикант агай" ырын казак тилинде ырдады. Чыгарма Казакстанда да хит болгонун айткан Индира Елемес ыр үчүн Гүлшайыр Садыбакасовага ыраазычылыгын билдирип өттү.
21:25. Нурлан Насип менен Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик" чыгармасын тартуулашты. "Сайкал -кыргыздын ар тараптуу таланттуу кызы" деген Нурлан Насип ырчыга ийгилик каалады. Андан соң сахнага казак ырчысы Индира Елемес чыкты.
21:20. Сайкал Садыбакасова "Эстей жүр", "Сүйүүмдү сезбедиң" деген ырларын аткарды.
21:10. Учурда Ильяз Абдыразаков "Жамийла" ырын аткарууда. Алып баруучу Чыңгыз Мырзаев "Бул Жамийла Расул Маматкулов ырдап жүргөн качанкы Жамийла. Эми сен Жамийла эже деп ырдашың керек" деп тамашалай кетти.
21:00. Ошондой эле бул кечте ырчы маданиятка, музыкага кошкон салымы үчүн сыйлык, дипломдор менен сыйланды. Келген коноктор ырчыга каалоо-тилектерин билдирген соң Сайкал кайрадан элге белгилүү чыгармаларды сунду. Кеченин коноктору Жийдеш Идирисова, Ильяз Абдыразаков менен дуэт ырларды аткарды.
20:45. "Таланттуу адам ар тараптан таланттуу" дегендей, ырчы концертинде жаш комузчу Назбек Кенчинбаев менен бирге комузда кол ойнотту. "Сиздер үчүн аракет кылдым" деген Садыбакасова комуздун коштоосунда элдик ырды аткарды. Андан соң ырчыны куттуктоого келген конокторго сөз берилди.
20:35. Сайкал чыгармаларын залдагы эл менен кошо ырдап жатты. Ырчы "Кыз-Бурак" тобунун белгилүү "Ак куулардын арманы" ырын тартуулап жаткан кезде топтун мурдагы ырчылары Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдарова сахнага бир-бирден чыга келишти. Алардын чыгуусун эл дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алды. "Биз үчүн баягы эле кичинекей, эркелеген Сайкал" деген ырчылар Сайкал Садыбакасовага көптөгөн ийгиликтерди каалап өтүштү.
20:25. Ырчы репертуарындагы "Алдаба", "Ыйлатпачы" сыяктуу ырларынан попурри аткарды. Ырчынын ар бир чыгуусун бийчилер, ошондой эле "Кыз-Бурак" тобунун ырчылары коштоп жатышты. Андан соң чакырылган конок ырчылардын бири Гүлжигит Калыков сахнага чыкты.
20:10. Чыңгыз Мырзаев "алманын түбүнө өрүк түшпөйт, апасы Эл артисти болсо, эжеси Сайкал Садыбакасова болсо" деп бүгүн сахнада тушоосу кесилген Эркинге чыгармачылык ийгилик каалап өттү. Алып баруучу "келе жаткан шайлоолорго карата "Алдаба" чыгармасын ырдайт" деп тамашалай сахнага Сайкал Садыбакасованы чакырды.
20:05. Бул кечте Гүлшайыр Садыбакасова кызы Сайкал жалгыз эмес экенин айтып өттү. Ошондой эле уулу эжесине сюрприз кылуу үчүн атайын Оштон келгенин билдирди. Сахнага чыккан уулу Эркин эжесин чыгармачылык кечеси менен куттуктап, сахнага алгачкы чыгуусу менен ыр белек тартуулады.
20:00. Ырчы "Асыл апам" ырын ырдап жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова сахнага чыкты. Эл артисти залдагы элге: "Сиздерге ыраазымын, таазим кылууга уруксат этиңиздер. 2001-жылы "Кыз-Бурактын" чоң концертинде ырдап чыгып тушоосу кесилген эле. Мына ошондон бери элдин батасы менен өнүгүп-өсүп келе жатат", - деп кызына чыгармачылык ийгилик, бакыт каалап, ага арналган ырын окуду.
19:50. Учурда патриоттуулукка үндөгөн, кыргыздын жигиттерине арналган чыгармасын аткарууда. Ырчынын ар бир чыгуусун бийчилер коштоп жатышат. Залдагы көрүүчүлөр суратпай кол чаап, ырчыга гүл тартуулашууда.
19:40. Концерттин алып баруучулары Чыңгыз Мырзаев менен Нурзат Токтосунова сахнага чыгып ырчы тууралуу маалымат менен элге тааныштыра кетишти. Сахнада жүргөнүнө 15 жыл болгонун, жетишкен ийгиликтери, тасмада жараткан ролдору жөнүндө айтып, ырчы, обончу, актриса Сайкал Садыбакасованы сахнага чакырышты. Сайкал Садыбакасова Чолпонай менен биргеликте "Кыргыздын кызы" деген жаңы чыгармасын аткарды.
19:30. Белгиленген убакыттан бир саат өткөн соң ырчынын концерти башталды. Сайкал Садыбакасова бийчилердин коштоосунда сахнага чыкты. Репертуарындагы бир нече ырлардан попурри аткарды.
19:00. Бүгүн, 1-декабрда борбор калаадагы Спорт Ордосунда "Кыз-Бурак" тобунун ырчысы Сайкал Садыбакасованын жеке концерти башталуу алдында турат. Учурда залга ырчынын күйөрмандары кирип, өз орундарына жайгашып жатышат. Концерт 18:30да башталат деп айтылгандыктан, залдагы эл улам кол чабуу менен концерттин башталышын күтүп жаткандыгын билдирүүдө.