Кечээ, 30-ноябрда Казакстандын Павлодар шаарында өткөн "Павлодар-опен-2016" Эл аралык шахмат боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Ага Казакстан, Бельгия, Чехия, Орусия, Украина, Беларусь, Армения, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнөн барган 96 шахматчы катышкан. Өлкөбүздүн атынан Семетей Төлөгөн Тегин жана Михаил Марков барганы белгилүү болду.
"Бул турнирге жөн эле шахмат ойногону баргам, орун алам деген ой келген эмес. "Павлодар-опен-2016" мени позитивге бөлөп, 6-орунга чыктым. Мындай жыйынтыкты өзүм күткөн эмесмин. Себеби 4-турдан баштап гроссмейстерлер менен гана ойноп жаттым", - дейт Семетей Төлөгөн Тегин.
Анын айтымында, ал алдынкы ондукка кирүүнү да ойлогон эмес.