Кош бойлуу Ирина Шейк мода дүйнөсүндөгү эң чоң шоу учурунда подиумга чыкты (сүрөттөр)

Белгилүү орусиялык модель, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун мурунку сүйгөнү Ирина Шейк кош бойлуу экендиги тууралуу маалыматтар акыркы кезде көп айтыла баштаган. Бирок модель да, анын сүйүктүүсү, актёр Брэдли Купер да бул тууралуу үн катпай келишкен. Кечээ, 1-декабрда америкалык "People" басылмасына түгөйлөрдүн жакындары Ирина кош бойлуу экенин тастыкташкан.

Ал эми 30-ноябрда Париж шаарында мода дүйнөсүндөгү көпчүлүк күткөн эң чоң шоу орун алган. Анда ич кийимдер коллекциясын Ирина Шейк, Жиджи жана Белла Хадид, Ким Кардашьяндын сиңдиси Кендалл Женнер, Алессандра Амбросио, Адриана Лима, Лили Олдриж, Жозефин Скривер, Стелла Максвелл жана башкалар көрсөтүшкөн. Бул кечте көпчүлүктүн көңүлү Ирина Шейкке бурулган. Чет элдик басылмалар моделдин стилисттери анын "кызыктуу абалын" жашырууга аракет кылышканын, андыктан көбүнчө ичи жабылган ич кийимдерди кийип чыкканын жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patriot..kg
2016-12-02 10:46:20
Европалыктарда уят деле жок экенда
мурда Криш мн журуп эми болсо болок мн журуп))))
-2
dina1983-19
2016-12-02 13:29:49
Patriot..kg, Европада эмес өз өлкөбүздө "Сулуулар конкурсу" өтүп жатпайбы ХХХ
+8
Patriot..kg
2016-12-02 14:20:20
dina1983-19, мен чечингенин эмес ХХХ айтып атам
0
admin_portal
2016-12-02 14:49:56
Patriot..kg, порталдын эрежелерин сактаңыз!Оозеки эскертүү!
-2
kani-esen
2016-12-02 13:50:21
Булар анча эмес усту жабык эле экен.биздикилер нак ХХХ
+3
admin_portal
2016-12-02 13:55:06
kani-esen, dina1983-19, этика нормаларын сактаңыз!
-3
tashkan
2016-12-03 20:48:28
Эмне деген шумдук.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан