МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! "Алло, 103!" ырынын клибин тартуу үчүн бир түн уктаган жокпуз" дейт Жакут Сыдыков

"Медиа-портал" бөлүмүнө Жакут Сыдыковдун аткаруусундагы "Алло, 103!" ырынын клиби жарыяланды. Бул ырды алгач Асылбек Өзүбеков ырдап чыккан. Клипте Жакут Сыдыков өзү жараткан башкы каарман сүйүүгө чалдыккан болот. Аны атасы психиатриялык ооруканага таштап кетет. Ооруканада жаткан башка бейтаптар алардын катарына жаңы кошулган адамды тамашага салышат. Клипти тамашалуу кылып тартууну көздөгөн ырчы буларга токтолду:

"Клипке атайын куудул досторду чакырып, баарынын башын бириктирип тарттырдым. Психикалык жактан жабыркаган адамдардын образын жаратуу алар үчүн оор деле болгон жок. Клипти тартууда бир гана кыйынчылык болду: сахна жайгашкан зал да, бейтаптар жаткан палата да бир эле бөлмө болчу. Ошол кадрлар бир түндө тартылды. Бөлмөгө алгач керебеттерди жайгаштырып ооруканадай кылып тарттык. Андан соң чарчаганыбызга карабай кайра сахна орнотуп, калганын бүтүрдүк".

Сыдыков клипти борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин жатаканасында тартышканын кошумчалап, көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

Жакут Сыдыковдун "Алло, 103!" ырынын клибин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан