Колумбияда орун алган авиакырсыкта дээрлик бардык футболчуларынан айрылган бразилиялык "Шапекоэнсе" клубуна моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү уланууда. Футболчу Криштиану Роналду каза тапкандардын жакындарына көңүл айтуу менен 3 миллион евро өлчөмүндө акчалай жардам көрсөткөн. Ал эми бразилиялык футболчу Роналдиньо менен Аргентина курамасынын мурунку лидерлеринин бири Хуан Рикельме клубга ойноп берүүгө даяр экенин билдиришти.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, алар клубду колдоо иретинде клуб менен келишим түзүүгө даяр.
Учурда клубду Бразилиянын А сериясында (өлкө чемпиондугу), сактап калуу, оюнчулар менен камсыздоо, чыгымдардын ордун толтуруу аракеттери кызуу жүрүп жатат.
36 жаштагы Роналдиньо карьерасын расмий түрдө жыйынтыктабаганы менен, 1 жылдан бери расмий оюндарда майданга чыга элек. Ал эми 38 жаштагы Хуан Рикельме 2 жыл мурун бутсасын мыкка илип, профессионалдык карьерасын жыйыштырган.