"Таатан" соода борборунун жанындагы кампада чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат бүгүн саат 11:14 чамасында келип түшкөн. Ал жерге 5 өрт өчүрүүчү унаа барып, саат 11:55те чектөөгө алынган.
"Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Болжол менен 120 чарчы метр аянт күйдү. Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Буга чейин "Таатан" соода борбору жакта кампа өрттөнүп жатканы айтылган эле.