ЖЫЛНААМА, 2-ДЕКАБРЬ: 6 жыл мурун Израилдин түндүгүндө 4 күнгө созулган ири өрт кырсыгы башталган

2010-жылы 2-декабрда Израилдеги Кармель тоосунда саат 11:00 чамасында аномалдык ысыктан улам 4 күнгө созулган ири өрт кырсыгы башталган. Аз убакыттын ичинде тилсиз жоо Осфия шаарын курчап, Хайфе аймагына жакындаган. Калкты эвакуациялоо жарыяланып, өрт чыккан райондо жайгашкан "Дамун" түрмөсүндөгүлөрдү алып кетүү үчүн бараткан автобус өрттүн жалынына тийип, ичиндеги 37 адам курман болгон. Андан сырткары "Кармель", "Алтынчы түрмө" абактары, "Тират а-кармель" ооруканасындагылар эвакуацияланып, каза болгондордун жалпы саны 44кө жеткен. Өрттү өчүрүү үчүн Израилге 16 өлкөнүн 30 учагы жардамга келген. Өрт 10 миң гектар токойду жана 4 миллион теректи жок кылган. Жалпысынан 17 миң адам башка аймакка көчүрүлгөн.

2-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан