Таланты менен эл жүрөгүнөн түнөк тапкан, сүйүү тууралуу ырлары азыр да жаштардын оозунан түшпөй келе жаткан маркум ырчы Таалайбек Бектургановдун өмүр баяны тууралуу тасма тартылат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге тасманын режиссёру Ырыс Окенова бүгүн, 2-декабрда билдирди.
"Таалай Бектургановдун чыгармачылыгына көптөн бери кызыгып жүрчүмүн. Анын өмүр баянына, чыгармачылыгына байланыштуу материалдарды чогултуп чыктым. Кырчындай 27 жашында каза болгон экен, бирок жаштыгына карабай мыкты чыгармаларды жаратканга үлгүргөн. Андыктан кыргыздын мындай мыкты уулдарын кийинки муун, жаштар билип калса дейбиз", - деп билдирди
Ы.Окенова.
Режиссёр тасманын сценарийин өзү жазып жатканын, башкы ролду ким аткарары азырынча белгисиз экенин кошумчалады.
Эске сала кетсек, Таалай Бектурганов "Эмне мынча сүйөм сени?", "Назира" аттуу ырлары менен элге таанылган. Орусияда эмгектенип жүрүп киши колдуу болуп көз жумган.