ЖЫЛНААМА, 2-ДЕКАБРЬ: 39 жыл мурун Ливияда Ту-154 учагы кырсыкка кабылып, 59 адам каза болгон

39 жыл мурун Ливияда Ту-154 учагы кырсыкка кабылып, 59 адам каза болгон.

1977-жылы 2-декабрда LZ-BTN борту Сауд Арабиянын Жидда шаарынан учуп чыгып, Ливиянын Бенгази шаарына бара жаткан. Андан 4 ай мурун Египет менен Ливиянын ортосунда согуш жүрүп, жыйынтыгында Египет мамлекети Ливиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап койгон. Мындан улам Ливияга бара турган авиалайнерлер Египеттин аба мейкиндигин айланып өтүүлөрү керек болгон. Ту-154 Бенгазиге жакындап калганда туман пайда болуп, экипаж Бенин аба майданына конууну чечип, бирок тумандан улам Аль-Абрак аэродромуна конууга даярдана баштайт. Көп өтпөй учактын күйүүчү майы түгөнүп, кыймылдаткычтары иштебей калган. Жыйынтыгында учак кыйроого учурап, борттогу 59 адам каза болуп, калган 106 киши аман калган.

2-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан