Ошто Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Бүгүн, 2-декабрь күнү Ош шаарынын “Коңурат” спорт клубунда кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Бишкек шаарынан “EREM” командасы багындырса, 2-орунду “Дархан-ОшТУ” командасы, 3-орунду “Улар”, 4-орунду “Ош бажы” командасы ээледи.

Жеӊүүчүлɵргɵ баалуу белектер, дипломдор, 1-орунга 70 миң сом, 2-орунга 50 миң сом, 3-орунга 25 миң сом, 4-орунду ээлеген командага 10 миң сом акчалай сыйлыктар жана кубок тапшырылды. Ошондой эле “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты күйөрман” номинациялары аныкталып, кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

“Улуу инсан, киноактёр Сүймөнкул Чокморовду эскерип, анын талантына таазим кылып отурабыз. Биз залкарларды унутпай, алардын урматына спорттук иш-чараларды өткөрүп турганыбыз жакшы жышаан. Республиканын жети дубанынан чогулган бардык командалар мелдеште татыктуу оюн көрсөтүштү. Мелдеш экинчи ирет өтүп жатат, келечекте жылда уюштурулат деп ишендирип кетем. Ошондой эле эл аралык деңгээлде өткөрүүнү максат кылып жатабыз”, - деди биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
doki88
2016-12-03 08:24:50
Менин кайним журотко акыркы суротто он жактан 4чу
0
tyny44
2016-12-03 16:34:27
doki88, кайниниздин атын жазыпта койунуз тааныгандар бардыр
0
azabraza
2016-12-03 23:32:25
эрем ош бажыдан утулп калат эле бир звонок менен утуп алышты болбосо 3 же 4ту алат болчу дархан чемпион нурмухамед алга сага кыргызстанда тен келген оюнчу жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан