Ноокенде "жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен" деген шек менен айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда адамды унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
"2016-жылдын 1-декабрында саат 18:00 чамасында Ноокен районунун Беш-Мойнок айылын көздөй бараткан айдоочу унаасы менен 23 жаштагы Талантбек аттуу жаранды сүзүп, качып кеткен. Жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында ошол эле түнү Ноокен районунун Патрулдук милициясы тарабынан 23 жаштагы Медербек кармалган. Ал жөө адамды Мерседес-Бенц-230 унаасы менен сүзүп кеткен деп шектелүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Автоунаа унаа токтотуучу жайга коюлуп, айдоочусу Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнө алынып келингени маалым болду. Учурда иликтөө жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jazmina909090
2016-12-03 10:07:23
Качып кутулам деп кутулдуң дейли андан нары ар дайым коркунучта жүрөсүң анан да кан койбойт акыры жинди болуп көөдөнүңдө тынчтык жоголот
+2
jazmina909090
2016-12-03 10:12:34
31июлда Бишкекте Заря жакта да сиңдимди машина өлтүрө уруп кеткен качып барып ишини ошол күнү акча менен жаап салыптыр деп укканбыз.Акчалуулар заманы болду го чиркин өмүр.Арам акча ал болбойт.Бул дүйнөдө жазасын албаса Аллах Таала аркы дүйнөдө жазасын берет деп мен 100% айта алам
0
Elmar
2016-12-03 10:26:17
jazmina909090,аркы дуйного сен кантип 100%жооп бере аласын сен барып келдинбеле ал жака кунолуулорду ушул дуйнодо эле жазалап койот кудай .....
+2
almazbei
2016-12-03 12:59:07
Тообо кылдым, кудай сактаа, жаман иш болгон экен, тигил олгон бала жаткан жери жайлуу болсун туугандарына аллах сабыр берсин, эч кимдин башына салбасын мындай ишти!
0
ainura220888
2016-12-03 14:39:13
Биринчиден Талантбек эмес олгон бала Жоомарт ал дагы 23жашта. Медер сузгон эмес Медердин иниси сузуп 11-класста окуган сузгон жерге токтобой дагы эки саатай машинасын айдап журо берген. Машина Медердики болгон учун Медер инисинин ордуна мойнуна алып Медерди задержали. Медер карапайым уй булоодон атасынын ордуна инилерине ата болуп жургон. Медердин жакында эле уулу торолгон жакшы бала. Жоомартда акылдуу жигит эле ушул ай ичи уйлонмок экен.Жомке торолгондо чон атасынын суйунгону эсимде. Конул айта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан