Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунун "Нокаут" сынагынан кийинки турга өттү. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына кабарлады.
Бул турда Дима Биландын командасында катышып жаткан Кайрат Примбердиев Тина Тёрнердин "The Best" ырын ырдап чыккан.
Кийинки турга аны менен кошо Оксана Казакова өттү, ал эми Алёна Поль долбоордон четтетилди.
"Чынында, эки кыздан жеңиш талашуудан уялдым. "Экөөнүн ортосунда өтпөй калсам деле макулмун" деп ойлогом. Эмки туру ушул айдын 9унда же 16сында болот", - деди ырчы.
Видеодон ырды өзүнө ишенип ырдаганын байкоого болот. Ал тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Голос" долбоорунун сахнасына, студиясына көнүп калдым. Бул ыр менин жакшы көрүп ырдаган ырларымдын бири болгондуктан, өзүмө ишенип ырдадым".
Эскерте кетсек, Кайрат Примбердиев орусиялык "Голос" долбоорунда Леонид Агутиндин тобуна кабыл алынган. 21-октябрдагы көрсөтүүдө Примбердиев долбоордон четтей турган болгондо калыстар тобундагы Дима Билан өз тобуна кошуп алган.