Бүгүн, 3-декабрда Испания чемпиондугунун 14-турунда "Барселона" футболдук клубу "Реалды" кабыл алды. Беттештин 1-таймында 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталды.
Эсеп 2-таймда ачылды. 53-мүнөтүндө "Барселонанын" оюнчусу Луис Суарес коноктордун дарбазасына топту таамай жиберди. "Реал" оюн эсебинде атаандашты кууп жеткенге акырына чейин аракет жумшады. Жыйынтыгында Серхио Рамостун жолу болуп, 90-мүнөттө гол жаратты. Кошумча 3 мүнөт убакытта эсеп сандары алмашкан жок. Жыйынтыгында эки команда бирден упайга ээ болушту.