Мындан 43 жыл мурун, 1973-жылы америкалык модель, актриса, ырчы, продюсер жана алып баруучу Тайра Бэнкс туулган.
Парижде, Миланда, Лондондо, Токиодо жана Нью-Йоркто модель болуп иштеп жүргөн, бирок атактуулукка телевидениеге чыкканда жеткен. Тайра "Тайра Бэнкстин шоусу" ток-шоусун, "Американча топ-модель" реалити-шоусун ачып, 2014-жылга чейин алып барган. Эштон Кутчер менен биргеликте "True Beauty" телеберүүсүн алып барат. 2009-жылы GLAAD уюмунан өзүнүн телеберүүлөрүндө ЛГБТИКС (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер, интерсексуалдар, квирлер, союзниктер) көйгөйлөрүн чагылдырганы үчүн атайын сыйлыкка ээ болгон.
Тайра Бэнкс тууралуу фактылар:
- 17 жашында "Elite" моделдик агенттиги менен келишим түзгөн.
- 18 жашында Майкл Жексондун "Вlack or White" ырынын клибине тартылган.
- Моделдин бели 61 сантиметрге барабар болсо, бою 178 сантиметр.
- 33 жашында дүйнөнүн эң жогору төлөнүүчү модели болууга жетишкен.
- 37 жашында "IMG Models" моделдик компаниясы менен келишим түзгөн.
4-декабрдын жылнаамасы.