Кытайдагы Ички Монголия автономиялык аймагындагы көмүр шахтасында кечээ, 3-декабрда жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарылуу маалында шахтада 181 жумушчу болгон. Алардын 149у куткарылып, 32си каза болду. "Жарылуу газдын сызылып чыгышынан улам болгон" деген божомолдор айтылган.
Буга чейин 2-декабрда Хэйлунцзян аймагында да шахтада жарылуу болуп, жыйынтыгында 21 адам каза болгону белгилүү.