Дмитрий Шепелев жаңы мамиле курушу мүмкүн экенин айтты

Рак оорусунан улам каза болгон Жанна Фрискенин жарандык күйөөсү Дмитрий Шепелев жаңы мамиле курушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышкан.

Шепелев сүйүктүүсү жок 1,5 жылдык жашоосу аны өзгөрткөнүн, оор, бирок пайдалуу убак өткөргөнүн айтып, жашоосунда анын сүйүүсүнө ээ боло турган аял пайда болушу мүмкүн экенин билдирген.

"Эч качан "эч качан" дебе. Жаннага жолукканда деле экөөбүз мамиледе болобуз деп ойлогон да, пландаган да эмесмин. Эми азыр да убакыт баарын жайгарып, өз ордуна коёт деп жатам. Менин жашоом токтогон жок. Мен азыр жалгыз болсом да, өзүмдү жакшы сезем, бирок менин жарандык абалым өзгөрүшү мүмкүн", - деген Шепелев.

Алып баруучу Фриске каза болгон соң көпчүлүккө чыкпай, баласы менен көп убакыт өткөрөт.

"Менин негизги максатым - уулумдун балалыгын, тынчтыгын сактоо", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazgulum
2016-12-04 17:18:59
олгондун артыдан олуп кете албайсын деген ушуда жашоо уланат албетте
+2
Adil706070
2016-12-04 20:11:13
жолукканда,Фрискенин
0
marmiladka9
2016-12-04 23:45:51
Жаннадай уникалдуу аял жолукпастыр эми
0
bela77
2016-12-05 18:03:50
Мамиле курушу мумкун эмес эле Жанна каза боло электе эле журуп алгам дебейсинби. Мындай кумон жараткан жоопторун элди психикалык жактан даярдап жатканында, Коросунор эртен созсуз мына менин суйуктуум деп чыкса тан калбайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан