Орусияда ири жол кырсыгы катталып, 12 адам каза болду

Орусияда ири жол кырсыгы катталып, 12 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-декабрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:40 чамасында Тюмень-Ханты-Мансийск унаа жолунун 926-чакырымында болгон. Анда эл ташыган автобус, эки жеңил унаа жана бир оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болуп, 36 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Каза болгондордун көпчүлүгү жаш балдар экени айтылууда. Учурда жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, оор жүк ташуучу унаа менен автобустун айдоочусу кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nazikbaigazy
2016-12-05 09:30:18
Кыргыздар жок бекен
+1
engel
2016-12-05 09:37:02
Iii baikush jash baldar kop bolgonu jaman boluptur. Kyrsyk koboiup ketti go .... Otkondo Turciyada da ortton 11 okuuchu kaza boldup kaldy. Kudai ozu boodo kyrsyktan saktasyn!
+3
elmurat.kg
2016-12-05 10:16:25
азыр Кайсы жер бузулса ошол жерде орт кырсыгы авриялар болтат .кудай сактасын
+1
azamat.k
2016-12-05 10:34:26
Баардык каза болгондор мектеп окуучулары,Нефтеюганскдан спорттук мелдештен кайтып келе жатышкан эле.Бул жерде Кыргыздардан жок.
+1
lovelas7
2016-12-05 14:19:18
Ханты Мансийсктен Нефтеюганскийге кетип жаткан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан