29 жолу "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон кинорежиссёр-мультипликатор жана сүрөтчү Уолт Дисней мындан 115 жыл мурун төрөлгөн.
Уолт Дисней 1901-жылы 5-декабрда АКШнын Чикаго шаарында көп балалуу үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен сүрөткө кызыгып, 7 жашынан баштап өзү тарткан комикс сүрөттөрүн сатып акча тапкан. Кийинчерээк гезит карикатурасынын курсун окуп бүтүргөн. Бир тууганы Рой менен бирге мультфильм студиясын түзүп, аны "Дисней Бразерз студиясы" деп аташкан.
1923-жылы "Алиса укмуштуулар дүйнөсүндө" аттуу биринчи мультфильми жаралат. "Алиса" төрт жыл катары менен тартылган соң, бөлөк каарман ойлоп табуу зарылчылыгы келип чыгат. Көп узабай эле Уолт жаңы каарман - тентек коёнек Освальдды жаратат. Андан соң азыркы учурга чейин балдардын гана эмес, чоңдордун да сүймөнчүгүнө ээ болгон атактуу чычкан Микки Маусту ойлоп табат. Ошол эле учурда "Микки Маус" менен катар "Акылсыз симфониялар" аттуу мультфильми да тартылат. Анын өзгөчөлүгү улам жаңы сериясында башка каармандардын пайда болуп турушу эле. Уолт так ушул мультфильм үчүн 1932-жылы биринчи "Оскарды" жеңип алат. Ошентип, согуш мезгилине чейинки он жыл ичинде Уолттун мультфильмдери ар жыл сайын бирден "Оскар" менен сыйланып отуруп, 29 сыйлык алууга үлгүргөн.

Андан тышкары экрандардан "Дональд Дак", "Плуто күчүгү", "Акылы кем Гуфилер" көрсөтүлүп, элдин жүрөгүнөн орун алат. 1934-жылы Уолт Дисней биринчилерден болуп толук сюжети бар "Аппак кыз жана 7 эргежээл" мультфильмин тартууга киришип, ага үч жыл убакыт кетип, 1,489 миллион доллар сарпталган. Ал эми 40-жылдары "Биноккио", "Фантазия", "Думбо" жана "Бемби" фильмдери жарык көргөн.
Уолт Дисней Америкада чоңдор үчүн да, балдар үчүн да убакытты кызыктуу өткөрө турган жер жок экенин байкап, 1955-жылы 17-июлда "Диснейлендди" курган.
Атактуу мультипликатор 1966-жылы 15-декабрда 65 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
5-декабрга карата жылнаама.