"2016-жылдын мыкты машыктыруучусу" наамына "Реалдын" машыктыруучусу Зинедин Зидан, "Лестердин" машыктыруучусу Клаудио Раньери жана Португалия курамасынын машыктыруучусу Фернанду Сантуш талапкер

Эл аралык футбол федерациясы "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамы боюнча 3 негизги талапкердин ысымын атады. Сыйлык ээси 9-январда Цюрихте (Швейцария) өткөн иш-чара алкагында белгилүү болот.

Маалыматка ылайык, тизмеде Зинедин Зидан ("Реал"), Фернанду Сантуш (Португалия курамасы) жана Клаудио Раньери ("Лестер Сити") сыяктуу машыктыруучулар бар.

Алардын жыл ичиндеги ийгиликтерине токтолсок, Зидан мадриддик "Реалдын" Чемпиондор Лигасында жеңишке жетүүсүн камсыздаган. Ф.Сантуш Португалия курамасы менен Европа чемпиондугун утса, Клаудио Раньери "Лестер" менен Англия чемпиондугун утуп алган.

Жеңүүчүлөр ФИФАга мүчө болгон өлкөлөрдүн улуттук курамаларынын машыктыруучуларынын, капитандарынын добушунун негизинде аныкталат. Жеңүүчүнү аныктоодо күйөрмандардын добушу да чоң роль ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Lewa90
2016-12-05 11:34:45
Мен озу реалдын куйорманы болгонума карабай Лестер командасынын тренери Клаудио Раньерини тактыктуу деп билем ошондой эле Фернанду Сантуш да татыктуу уч тренер тен татыктуу кайсы тренер албасын кубану менен куттуктайм!
+2
guljigit.
2016-12-05 12:01:41
Зинедин Зидан татыктуу деп ойлойм
+3
Nurgazy80
2016-12-05 12:23:52
Салаатсыңарбы super.кг! Гезитиңер жакшы өтпөй жатабы? Эмнеге электрондук версияңар чыкпай жатат? Биз орусиялыктар күтүп жатабыз
+2
admin_portal
2016-12-05 15:28:24
Nurgazy80, malywKG, саламатсыздарбы? Жакынкы күндөрү жарыяланат, порталга баш багып туруңуздар.
0
souza.j
2016-12-05 12:24:23
Зидан татыктуу
+2
malywKG
2016-12-05 12:33:02
Отпой калгангоо сыягы менда эртенен бери кутуп жатам
+2
Patriot...kg
2016-12-05 12:38:44
Зидан
+1
admin_portal
2016-12-05 15:27:55
AK-47., порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
kilim
2016-12-05 15:43:40
Мыкты футболчуга 3 талапкерлер. Лиеонель Месси, Криштиона Раналдо, Антуан Гризман чыгышты
-1
Nur1k
2016-12-05 21:43:54
Зидан татыктуу
+1
Bishkek.001
2016-12-06 12:34:06
Клаудио ава тажрыйбалуу зидан дос да кем калбайты. Экөөнүн бири алыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан