Дайыр Исмадияров: "Супер концерт Анжелика экөөбүзгө дуэт ырдоо мүмкүнчүлүгүн түздү"

Ушул жылдын 9-декабрында Бишкектеги Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата өткөрүлө турган супер концертке учурда кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Ага ырчылар атайын дуэт чыгармаларды жаздырышууда. Алсак, белгилүү ырчылар Анжелика менен Дайыр Исмадияров "Кызыл гүлүм, ай" ырын бирге аткарышат.

"Негизи, Анжелика экөөбүз өз репертуарыбыздагы ырлардан попурри аткаралы дегенбиз. Анан кеңешип, "Кызыл гүлүм, ай" аттуу чыгарманы аткарууну чечтик. Алгачкы жолу Анжелика менен дуэт жаздырууга мүмкүнчүлүк берген сиздерге рахмат, чыгарма өзүбүзгө да жакты. Буюрса, концертке даярдыктар жакшы. Жаңы жылдан кийин бул ырга клип тартууну пландап жатабыз, идеясы даяр болуп калды", - деп билдирди Дайыр Исмадияров.

Белгилей кетсек, 9-декабрда өтө турган концерт "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолот. Анда кыргыздын белгилүү эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Айчүрөк Иманалиева, Каныкей, "Биз" тобу, Жийдеш Идирисова, Нурлан Насип, Урмат Усенов, Неля жана башкалар катышат. Концертте "Биз" тобу менен Аваз Акимов "Муйдусунан", Ильяз Андаш менен Курал Чокоевдин аткаруусунда "Сейдакматтын ыры" аттуу мегахиттер жаңырып, Баястан, Бегиш хит болгон рэп чыгармаларын тартуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
joomart
2016-12-05 18:48:05
Эки уну жок биригип алыптыр
+12
yasin11
2016-12-05 18:48:25
э бай болгурлар чыгарасынарбы жаны санын :)
+3
MinuTolik
2016-12-05 18:54:36
Атына эле ырчы ушул экоо. Чынын айтсам экоонун тен уккулуктуу бирда ырын билбейт экем
+7
siren2015.
2016-12-05 19:08:49
Сонун өнөрүнөр өркүндөсүн.
-7
meni_kut
2016-12-05 19:13:27
Пиарды суйуучулор,Ушу Дайыр мн Анжеликадан башка жанылык чыгаргылачы эл да тажады ушу экоонон.
+4
Djal1987
2016-12-05 19:42:20
Окшоштор уч уктасам да тушумо кирбептир экоо дует ырдайт деп.
+5
maks94.kb
2016-12-05 19:47:01
Буйруса спорт ордосунда кубо болобуз
Суперге рахмат чакыруу билет учун
0
Ulan2601
2016-12-05 20:07:51
Кимдин заманы Анжеликанын заманы болду го чиркин!! Инстаграмда Анжелика супер инфода Анжелика
+1
Nazikbaigazy
2016-12-05 22:08:13
Анжеликанын ырын уксам бул жакта туруп мен кыйналып кетем, Айчурок эже муну кичинесинде кандай тандап алган билбеймин, такыр ун жок же уну ничкеби тушунбойсун,
+2
tashkan
2016-12-05 22:18:11
Алга жана алга дегибиз келет.
-1
meni_kut
2016-12-05 22:23:17
Супер инфо Мезгилден артта калдыбы)))Кайсы куну чыгаарын жазып койгула.
+2
esmanur
2016-12-05 22:32:39
meni_kut, мезгилден артта калбаш учун гезитин алып окугула, антпесе артта калып среда куну окуйсунар деп намёк берип жатпайбы ;))) Чындыгында конуп алдык да бекер версиясына
-3
Zynk.kg
2016-12-06 03:24:29
Жанагы ак терек кок терек деген корсотуу ырчылардын абийирин ачып жатата Дайыр вообще ырдай албайт экен коруп алып мен уялып кеттим бирок аракетчил бала тынбайт.
-2
ere
2016-12-06 10:39:42
----------болгону ушул
+1
Keremet008
2016-12-06 14:33:14
Кудай да сонун кылып ырдатыптыр да. Кудай акам уста да унун барын бир жака уну жокту бир жака жайгаштырып...
0
Bishkek.001
2016-12-06 18:33:43
Сапатсыз ыр менен ырчынын санын кобойтот экенсинерда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан