"Медиа-портал" бөлүмүндөгү Жийдеш Идирисова менен Айымжан аткарган "Эки канат" ырынын клибинде эже-сиңдинин ортосундагы мээрим, камкордук, бирге өткөргөн күндөр чагылдырылат. Ырчы Айымжан клиптин максаты эки бир туугандын кызыктуу күндөрүн көрсөтүп берүү болгонун айтат.
"Клипти досум Миша Ем тартты. Максаты эже-сиңдинин, өздөрүн бир туугандай сезген курбулардын ортосундагы жылуу мамилени көрсөтүп берүү болгон. Ар бир мамиледеги кайгылуу, шайыр учурларды чагылдырууга аракет кылдык. Клипти көргөн соң көрүүчү өзүнүн башынан өткөргөн балалыгын, бактылуу күндөрүн эстейт. Тартуу процесси кээде таң эрте же кечкисин тартылып, мындан улам бир аз кыйынчылыктар жаралды. Кичинекей кызга көбүнчө кыйын болду. Кызыгы, эженин образын жараткан башкы каарман кыз велосипед тепкенди билбейт экен. Андыктан тартуу учурунда үйрөтүп жаттык, качан жыгылып кетет деп коркуп жаттык эле, бирок баары жакшы болду", - дейт ырчы.
Айымжан Жийдеш Идирисова менен иштешүү кызыктуу жана жеңил болгонун айтат.
"Жийдеш эже менен мурунтан эле тааныш элек, бирге иштешүү абдан кызыктуу болду. Оюбуз, кызыкчылыктарыбыз дал келип, бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнгөндүктөн иштешүү жеңил болду, позитивдүү маанайда иштеп жаттык".
Айымжан, Жийдеш Идирисованын "Эки канат" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.