2003-жылы 5-декабрда саат 7:42 чамасында Кисловодск-Минеральные Воды багыты менен бара жаткан №6309-поезддин вагонунда террордук акт болуп, 51 адам көз жумган. Жардыруу борбордук бекеттен 400 метр алыс жерде болуп, поезддин экинчи вагону эки бөлүккө бөлүнүп кеткен.
Анын кесепетинен 231 адам жабыркаган. 34 адам жардыруу болгон жерден каза тапса, 17 киши ооруканага жеткирилген соң алган жаракаттардан улам көз жумган. Ал эми 180 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алган.
Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Пятигорск шаарына окууга бара жаткан студенттер болгон. Террордук актыны 3 аял жана 1 эркек киши жасагандыгы аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликти чечен талаа командири Шамил Басаев алган.
5-декабрга карата жылнаама.