64 жыл мурун Улуу Британиянын Лондон шаарын 4 күнгө созулган түтүн каптап, анын кесепетинен 12 миң адам көз жумган. 1952-жылы 5-декабрда Лондондо антициклон болуп, ал суук шамалы жок аба ырайына алып келген. Мындай аба ырайынан улам шаардын үстүн коюу туман каптап, көп өлчөмдө көмүр жагылган. Көмүрдүн сапаты начар болуп, абаны булгаган. Түтүн 12 миң кишинин өмүрүн алып, 100 миңден ашуун адам ооруп калган. Шаарды каптаган түтүн 9-декабрда күн жылыган соң тараган. Бул окуядан кийин 1956-жылы Англияда "Таза аба жөнүндө" мыйзам кабыл алынган.
5-декабрга карата жылнаама.