Сокулукта Патрулдук милициянын кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Учурда жол кырсыгына себепчи болгон айдоочу изделүүдө. Ал тууралуу маалыматы барлар 102 же (0702) 00-50-05 номуруна чалышса болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет. Ошондой эле так маалымат бергендерге сый акы убадаланат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Айта кетсек, окуя 28-ноябрь күнү саат 02:50 чамасында Сокулук районунда болгон. Анда Патрулдук милициянын кызматкерин белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен кызматкер алган жараатынан улам каза тапкан.