Бишкекте шаар тургуну 3 килограммга жакын маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-декабрь күнү 43 жаштагы С.П. аттуу шаар тургуну жашаган үй текшерүүгө алынган. Анда үйдүн ичине катылган 325 грамм героин, 1 килограмм 610 грамм гашиш, 1 килограмм марихуана табылган.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.