Бүгүн, 6-декабрда Европанын эң ири футболдук лигасы - Чемпиондор Лигасынын 6-тур оюндары орун алат. Анда "A", "B", "C" жана "D" тайпаларында экиден оюн болмокчу. Бардык беттештерге 01:45те старт берилет (Бишкек сааты боюнча).
Бул күнү өзгөчө көңүл "В" тайпасына бурулмакчы, себеби түркиялык "Бешикташ" клубу конокто "Динамону" утса тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн алат. Муну менен түркиялыктар "Бенфика" менен "Наполини" артта калтырышмак.
“А” тайпасы
“Базель” (Швейцария) – “Арсенал” (Англия)
ПСЖ (Франция) – “Лудогорец” (Болгария)
“В” тайпасы
“Бенфика” (Португалия) – “Наполи” (Италия)
“Динамо” (Киев, Украина) – “Бешикташ” (Түркия)
“C” тайпасы
“Барселона” (Испания) – “Боруссия” (М, Германия)
“Манчестер Сити” (Англия) – “Селтик” (Шотландия)
“D” тайпасы
ПСВ (Голландия) – “Ростов” (Орусия)
“Бавария” (Германия) – “Атлетико” (Испания)