Ысык-Көл облусунда таанышын уурдап, туугандарынан акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ноябрь айынын аягында милиция кызматкерлерине адам уурдоо фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Н.Т. аттуу тургунун белгисиз адамдар уурдап, ата-энесинен ири суммадагы акча талап кылып жатышканы айтылган.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Ч.Ф. кармалган. Кылмышка шектүү менен жабырлануучу Орусияда иштеп жүргөндө таанышып калышкан. Бул жакка кайтып келишкенде шектүү жабырлануучуга эшек сатып акча табуу керектигин айтып, Ысык-Көл облусуна алып келген. Балыкчы шаарына кире бериште күч колдонуп, Н.Тны Жети-Өгүз районуна алып кеткен", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.