ЖЫЛНААМА, 6-ДЕКАБРЬ: Айтылуу "Ласковый май" тобунун түзүлгөндүгүнө 30 жыл болду

Айтылуу "Ласковый май" тобунун түзүлгөндүгүнө 30 жыл болду. 1986-жылы 6-декабрда Оренбург шаарындагы балдар үйүндө чоңойгон эркек балдардан турган "Ласковый май" тобу түзүлгөн. Бул топ өзүнүн мүчөлөрүн ата мекендик шоу-бизнестин жылдыздарына айланткан.

"Ласковый май" - 80-жылдардын аягынан баштап 90-жылдардын аягына чейинки мезгилде атактуулукка жетишкен евродиско стилиндеги, СССРдеги өспүрүмдөргө багытталган алгачкы топ. Бул топ өспүрүмдөрдүн гана эмес, бардык курактагы адамдардын арасында популярдуулукка жеткен. Анын визиттик карточкасы "Белые розы" ыры болгон.

"Ласковый май" чыгармачылык жолун №2-мектеп-интернатынын сахнасында баштаган. Жергиликтүү музыка ийриминин жетекчиси Сергей Кузнецов жаңы жылдык концертке карата 3 баладан турган топ түзүп, аны "Ласковый май" деп атаган. 1987-жылы 18-февралда Сергей Кузнецов жана топтун ырчысы Юрий Шатунов бардык ырларын жаздырышып, бекеттеги үн жаздыруу күркөсүнө беришкен. 2 айдан соң Сергей Кузнецовго ар кайсы шаардан чалышып, концерттерде ырдоого чакырышкан. Ошондой эле музыкалык пррдюсер Андрей Разин топтун ырларын уккан соң аларды Москвага чакырып, продюсерине айланган.

Топ атактуулуктун туу чокусуна жеткенде, 1989-жылы бир күндө 4-5 концерт берип, бир жылда алардын саны 2500гө жеткен. Сергей Кузнецов 1989-жылы топту таштап кеткен. Ал эми 1992-жылы Юрий Шатунов топтон кеткенден кийин "Ласковый май" тарап кеткен.

6-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mila6ka
2016-12-06 23:16:00
Электронный вариантын эмне учун чыгарбай жатасынар мурда понедельник эле чыкчу эмес беле ушул кылганынар туурабы???
0
hochuradosti
2016-12-06 23:24:38
ошо неге электронная версияда газетанын жаны саны чыга элек.
каждый понедельник чыгып турчу эле...
адмиииин????
0
Chopa2016
2016-12-07 00:48:18
Шатуновту суйомго суйом.
0
Bekovich76
2016-12-07 07:46:13
Админ кана ушул жуманын жылдыз толгосу
0
admin_portal
2016-12-07 10:02:12
Bekovich76, nurikkg88, mila6ka, hochuradosti, саламатсыздарбы? Толук маалыматты бул жактан алсаңыздар болот http://www.super.kg/kabar/news/168419/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан