Бишкекте балдардын аба күчтөрүнө арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды (фото)

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Орус драма театрында "Жеңиш канаттары-2016" деп аталган балдар сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Маданий иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн жана Орусия аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн, каза болгон аскер кызматкерлерине арналган. Алгач өлкөнүн гимни жаңырып, атайын чакырылган коноктор сөз сүйлөгөн соң согушта каза болгондорго арналып бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды. Андан кийин аба күчтөрүнүн пайда болгон тарыхы, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктерин, Кыргыз жеринен чыккан Советтер Союзунун Баатырлары жөнүндө баяндаган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Иш-чаранын максаты - II Дүйнөлүк согушта ата-бабалардын тынч жашоо үчүн жанын кыйган эрдиктерин эске салуу, аларды жаш муунга даңазалоо. Чакан концерттик программадан соң мектеп окуучуларынын аба күчтөрүнө, учкучтарга арналган сүрөт көргөзмөсү келген катышуучуларга тартууланды.

Белгилей кетсек, бүгүн башталган көргөзмө 16-декабрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2016-12-06 17:17:47
kadam, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан