Футболчу Карлос Тевес кытайлык клуб менен келишим түзсө, Месси жана Роналдудан көп маяна алат

Кытайдын "Шанхай Шеньхуа" клубу аргентиналык футболчу Карлос Тевес менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу клубдун кожоюну Ву Хьяохуиге шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

"Биз учурда "Бока Хуниорс" клубунда ойноп жаткан Тевес менен макулдаштык", - дейт Ву.

Маалыматка ылайык, кытайлык клуб футболчуга жылына 40 миллион евро маяна төлөп берүүгө даяр. Бул сумма футбол жаатында рекорд болуп эсептелинет. Учурда Европада эң ири маянаны португалиялык футболчу Криштиану Роналду жана аргентиналык Лионель Месси алат. Алардын 1 жылдык маянасынын суммасы 20 миллиондун тегерегинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nur1k
2016-12-06 17:37:45
Кытайлар ХХХ эмеспи?
0
admin_portal
2016-12-06 17:52:02
Nur1k, этика нормаларын сактаңыздар!
0
azamat1978
2016-12-06 17:38:55
Кытайлыктар күчтүү кетиптирго
+2
Tansuluu09
2016-12-06 17:40:35
Роналдо менен Мессиден коп толоп берсе,кызык ошондо алардан дагы кучтуу ойнойбу Карлос Тевес
0
Zynk.kg
2016-12-06 17:45:51
Кытайлар ачаны эмне кылаарын билбей калганго
+1
radroy
2016-12-06 18:19:35
Кытайга барып бомбардир болот экен да
+2
Kurstan_CR7
2016-12-06 18:28:48
Кытайлар азыркы тапта футболго катуу конул буруп аткан мезгили ошон учун!
Убагында Узбекистан да катуу конул бурган Бразилиялык Роналдону алып келишкен!
0
kazybek0108
2016-12-06 19:11:22
Ранолдону эмес Ривалдону алып келишкен Бунёдкор командасы
+4
Mirzohidjon
2016-12-06 23:26:42
Бут менен топ тээп койсо 20млн €, колун көтөрүп койсо 1млн$, ал эми адам өмүрүн сактап калган врачтар менен келечектин ээсин тарбиялаган мугалимдер болгону 7-8миң алышат. Муну ким кандай түшүнөт? Жооп жазыңыздар
0
Patriot...kg
2016-12-07 00:46:47
Mirzohidjon, сен кандай тушуносун??? Кулкунуу келтирбесен
Фудбол бул оюн эмес
Фудбол бул жашоо деп бир акылман айтыптыр
0
Mirzohidjon
2016-12-07 11:18:03
Patriot...kg, Күлкүң келсе күлүп ал, мен акыйкатсыз жашоо жөнүндө айтып жатам
0
elmurat.kg
2016-12-07 10:17:02
шипокоенсе ж.о да маалымат жазгылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан