Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду

Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 7-декабрга караган түнү Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунун 19-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Нива үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын 1988-жылы туулган Ж.Ж. аттуу айдоочусу каза болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, кыпчылып каза болгон айдоочуну алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
toolos1982
2016-12-07 09:43:39
Эх жайы жаннаттан болсун бир туугандарына сабыр берсин.
+4
mambo-1984
2016-12-07 10:16:00
жаткан жери жайлу болсун.
+2
Nazikbaigazy
2016-12-07 12:12:01
Иии жаш экен аттин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан