7-декабрга караган түнү Европанын эң ири футболдук лигасы - Чемпиондор Лигасынын 6-тур оюндары ойнолду. Анда "A", "B", "C" жана "D" тайпаларында экиден команда плей-офф баскычына, бирден команда Европа Лигасына жолдомо алды. Ал эми 4-орунду ээлеген командалар мелдештен четтеп калышты.
“А” тайпасы
“Базель” (Швейцария) – “Арсенал” (Англия) - 1:4
ПСЖ (Франция) – “Лудогорец” (Болгария) - 2:2
Бул тайпада негизги атаандаштык күтүлгөндөй эле лондондук "Арсенал" менен франциялык ПСЖ клубунун ортосунда болду. 2 команда тең тайпалык баскычта жеңилүү ызасын тарткан жок. "Арсенал" 4 оюнда жеңүүчү аталып, 2 оюнда тең чыгуу катталды.
Ал эми ПСЖнын 3 оюнунда жеңиш, 3 оюнунда тең чыгуу катталды. Натыйжада 1-орунду "Арсенал", 2-орунду ПСЖ багындырды. 3-орун ээси Европа Лигасында жолун улайт. Бул жолдомону болгариялык "Лудогорец" командасы жулуп кетти. Швейцариялык "Базель" клубу мелдештин эшигин жабууга мажбур болду.
“В” тайпасы
“Бенфика” (Португалия) – “Наполи” (Италия) - 1:2
“Динамо” (Киев, Украина) – “Бешикташ” (Түркия) - 6:0
Бул тайпадан кайсы команданын кийинки баскычка чыгары акыркы турда чечилди. Португалиянын "Бенфика" жана Италиянын "Наполи" командалары керектүү упайды буга чейин эле топтошкону менен, жолдомону толук камсыздай элек болчу. Себеби түркиялык "Бешикташ" бул турда жеңүүчү аталса, эки команданын бирин борт сыртында калтырмак. Бирок украиналык "Динамого" каршы оюнда Венсан Абубакар менен Андреас Бек оюндан четтетилип, майданда "Бешикташтын" 9 футболчусу калды.
Жыйынтыгында дарбазасына 6 гол өткөрсө да, Европа Лигасына жолдомону сактап калды. Ал эми "Бенфика" өз үйүндө утулганына карабай 2-орунду ээлеп, кийинки баскычка жолдомо алды.
“C” тайпасы
“Барселона” (Испания) – “Боруссия” (М, Германия) - 4:0
“Манчестер Сити” (Англия) – “Селтик” (Шотландия) - 1:1
Арда Турандын 3 голу жана Лионель Мессинин 1 голу "Барселонага" тайпадагы бешинчи жеңишти камсыздап берди. Каталондук команда 15 упай топтоо менен тайпада 1-орунду ээледи жана плей-офф баскычына жолдомо алды. Месси тайпалык баскычта 10 гол киргизген тарыхтагы экинчи футболчу болуп калды. Буга чейин бул бийиктикти жалгыз Криштиану Роналду багындырган.
Бул тайпада упай катыштыгында суурулуп чыккан экинчи команда "Манчестер Сити" болду. 2 оюнда утуп, 3 оюнда тең чыгып, 1 оюнда утулган англиялыктар болгону 9 упай топтошту. Европа Лигасына "Боруссия" жолдомо алса, шотландиялык "Селтик" мелдеш менен коштошту.
“D” тайпасы
ПСВ (Голландия) – “Ростов” (Орусия) - 0:0
“Бавария” (Германия) – “Атлетико” (Испания) - 1:0
Эгерде бул турда "Атлетико" жеңишке жетишсе, тайпада бардык оюндарды жеңип чыккан тарыхтагы 7-команда болмок, бирок Карло Анчелотти баштаган "Бавария" буга жол берген жок. Акыркы кезде айып соккуларын голго айлантууну мыкты өздөштүргөн Роберт Левандовскинин голу чечүүчү болуп калды. Натыйжада "Бавария" атаандашынан упай катыштыгында озуп кете албаса да, өзүн ишенимдүү сезип калды.
Орусиялык "Ростов" Европаны таң калтырууну улантууда. Ал өткөн турда өз үйүндө "Баварияны" утуп, 3 упай алган. Бул турда орусиялыктар ПСВ клубу менен беттешип, 1 упай алышты. Жыйынтыгында алар тажрыйбасы аз экенине карабай Европа Лигасына жолдомо алышты. ПСВ мелдештен четтеди.