Сузак районунда аялын, кайнатасы менен кайненесин бычактап өлтүргөн жаран өзүнө бычак сайып каза болду

Сузак районунда аялын, кайнатасы менен кайненесин бычактап өлтүргөн жаран өзүнө бычак сайып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 6-декабрь күнү саат 23:00 чамасында Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Беш-Мойнок айылында болгон.

"1985-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну Беш-Мойнок айылына келип, 1938-жылы туулган кайнатасын, 1944-жылы туулган кайненесин, 1987-жылы туулган аялын бычактап өлтүрүп, ошол эле түнү өзүнө бычак сайып каза болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Маркумдун эмне себептен мындай ишке барганы такталууда", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Patriotkgz93
2016-12-07 11:08:20
Ой тоообооооооо
+3
karona
2016-12-07 11:27:41
Кудай сакта... Эмне мынча мыкаачы болуп баратабыз? балдары бар болду бекен?
+3
toolos1982
2016-12-07 11:31:31
Кудай сактасыын эмне болуп баратабыз!
+4
Nazikbaigazy
2016-12-07 12:01:26
Кудай сактай коор, ошол учун ата эне кызынардын баланардын жашоосуна кийлигишпегиле, очу бардай экенда
+2
Adhambek
2016-12-07 12:16:49
Кыргыздарыма эмне болтат
-4
moskoy
2016-12-07 13:15:30
Adhambek,болтат деп тантык кишиче жазбай болуп жатат деп жазбайсынбы.
+4
burulka1959
2016-12-07 12:39:09
Олсо озу эле оло бербейби! Байкуш карыган абышка-кемпирде не куноо. Ансыз деле осорунон олору калган карыларды ажалынан мурда олтуруп куноого белчесинен баткан экен. Кудайга жакпас иш кылыптыр. Деги сабырдуу бололучу бул жалганда, кызуу кандуулук жакшылыкка алып барбайт эч качан, эхх...
+6
aliko78
2016-12-07 12:49:09
Эхх ата эне баланы бак. Эми бала учун олуп да бер.
+3
keba300989
2016-12-08 11:48:47
Балким башка бироо олтургондур ал олтургонун ким коруптур толугурак малымат болсо жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан