Бишкекте катталган жол кырсыгынан катардагы жоокер каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Аалы Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эки жеңил унаа сүзүшкөн. Бир унаада №73809-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлер болушкан. Кырсыктын кесепетинен С.А. аттуу катардагы жоокер каза болуп, экинчиси ооруканага жеткирилген. Окуяны Аскер прокуратурасы иликтөөгө алды.