Мектеп окуучуларынын арасында ордо боюнча өткөрүлгөн мелдеш аяктады

Бишкекте мектеп окуучуларынын арасында ордо боюнча өткөрүлгөн мелдеш аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Спартакиада 18-апрелден 22-апрелге чейин №5-гимназияда өткөрүлдү. Жалпысынан 6 команда катышкан мелдеште №5-гимназиянын окуучулары 1-орунду алышса, 2-орунга №1-Бишкек шаардык интернатынын окуучулары ээ болгон, ал эми №79-орто мектептин командасы 3-орунга татыды. Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин медалдары, дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан