Тибеттин руханий лидери Далай Лама "Манас" китебин белекке алып, кыргыздын ак калпагын кийди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге китептин автору Темирлан Сарлыкбек уулу билдирди.
"Коомдук ишмер Аскар Айтматов Далай Лама менен Индиянын Дарамсала шаарындагы резиденциясында 5-декабрда жолугуп, ага "Манас - адамзат тарыхынын мурасы" китебин белекке берди. Белегим жетип, алыстан саламын, рахматын жолдоду", - дейт Темирлан Сарлыкбек уулу.
Белгилей кетсек, Далай Лама XIV 1935-жылы туулган. Тибет буддизминин руханий лидери 1989-жылы Нобелдик сыйлыкка татыган. 2007-жылы АКШ Конгрессинин эң жогорку сыйлыгы болгон "Конгресстин алтын медалын" алган.