Съездбек Искеналиев менен Асема "Супер концерт" үчүн "Айланайын" аттуу ырды дуэт ырдашты

SUPER.KG`нин 10 жылдыгына карата белгилүү ырчылардын атайын дуэттерди жаздыруусу уланууда. Бүгүн, 7-декабрда Съездбек Искеналиев менен Асема "Айланайын" ырын колдонуучуларга тартуулашты. Чыгарма тууралуу Съездбек Искеналиев буларды билдирди.

"Айланайын" аттуу ырымды Асема экөөбүз дуэт аткардык. Чыгыш стилиндеги ыр болгондуктан, ырды угуп жатканда чыгыштын назиктигин сезсе болот.

Бүгүн таанышым да "Супер концертке" билет алдык, концерт сонун өтсө керек" деди. Туулган күнү 8-декабрда экен, ошол күнгө байланыштуу 9уна билет алыптыр. Баарыңыздарды чакырабыз, концерт сонун болот", - деп сөзүн жыйынтыктады ырчы.

Ал эми ырчы Асема: "Бүгүн сиздердин сунушуңуздар менен дуэт ырдоону чечтик. Экөөбүздүн үндөрүбүздүн тембрлери дал келбесе да, жакшы чыгарма болду деп ойлойм", - деди.

Белгилей кетсек, "Супер концертте" кыргызга белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Айгерим Расул кызы, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, "Non-Stop", "Кыз-Бурак", "Заман", "Добулбас" топтору, күлкү жаратуучулар Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев, Нурсултан Курсанали уулу жана башкалар өз өнөрлөрүн тартуулашат. Концерт "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолот. Анда кыргыздын кымча бел сулуулары өздөрүн тааныштырып, көркөм басуу, чыгыш бийин бийлөө боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alaikuu_Kan-Korgon
2016-12-07 18:55:08
Ола
0
Kakaly
2016-12-08 00:59:35
Айланайындар деп койбопсунарда. (С) АША
0
Abdyrashit.Satylganov
2016-12-08 17:12:35
Жакшы жакшы...билет баасы канча болду экен...10 жылдыгы чын эле кызыктуу болот окшойт. Барыш керек
0
nurik2103
2016-12-08 18:11:26
музыкасы Өзбектердикине окшош экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан