ЖЫЛНААМА, 7-ДЕКАБРЬ: "Style Mix" триосунун ырчысы Таласбек Амантуров бүгүнкү туулган күнүн достору менен тоодо белгилейт

Бүгүн, 7-декабрда "Style Mix" триосунун ырчысы Таласбек Амантуров 23 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн достору менен белгилей турганын айтты.

"Түндө саат 00:00дөн кийин кесиптештерим туулган күнүмө арнап торт белек кылышты. Өздүк майрамымды бүгүн кечинде кесиптеш досторум менен бирге тоого барып белгилейин деп жатам", - деди ырчы.

Таласбек Амантуров 1993-жылы 7-декабрда Талас шаарында төрөлгөн. №7-орто мектепти аяктаган. Учурда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын эстрадалык вокал бөлүмүнүн 2-курсунун студенти. "Style Mix" триосу 2014-жылы "Жаңы толкун" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан.

7-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан