"Дордой" футболдук клубу негизги атаандашы "Алайдын" оюнчусун "тартып алды"

"Дордой" футболдук клубу 23 жаштагы футболчу Инкум Соломон Келвин менен 1 жылдык келишим түздү. Ганалык футболчу акыркы сезондо өлкө чемпиону "Алайдын" курамында ойногон.

SUPER.KG порталына аталган клубдан кабарлашкандай, клуб дагы 2-3 футболчу менен келишим түзүү алдында турат.

Инкум Соломон буга чейин Грузия жана Тажикстандын лигаларында ойногон. Ага "Алай" клубу келишимди узартуу боюнча сунуш берген, бирок футболчу баш тартып, бишкектик клубдун катарына кошулду.

"Ооба, "Алай" клубу 2 жылдык келишим сунуштады. Алгачкы келишим сезондун аягына чейин түзүлгөн. Сезондо 5 оюнга чыгып, команданын чемпиондукту камсыздоосуна салым коштум. "Алай" менин айрым чыгымдарымды көтөрүп, виза ачканыма жардам берди, бирок чемпиондук үчүн акчалай сыйлык, 1,5 ай клубда ойногонум үчүн айлык төлөгөн жок. Акчалай сыйлык тууралуу сөз кылганымда "паспортуңду бер, келишим түзгөн соң акча бөлүп беребиз" дешти. Мен макул болгон жокмун", - дейт футболчу.

Өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада быйыл "Алай" 18 оюнда 45 упай топтоп, чемпиондукту камсыздаган. 43 упай топтогон "Дордой" 2-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mirkaa5182
2016-12-07 15:46:30
Алайда эле ойной бербептир да
0
Zhoodarbek-myrza
2016-12-07 16:18:33
Кыргыз балдар тугонуп калгансып кара жоргону талашканына жол болсун, Алайдан качып Дордойго барган жоргону оюндан коро жатарбыз.
0
kgalik
2016-12-07 17:24:18
жакшы экен, жакшы жылыш бар, биздин Кыргыз балдар ушуларды коруп осот, ушул балдар менен тажрыйба алмашат, жакшы жанылык!
+4
Deniza88
2016-12-08 01:27:04
Дордой фореве !!!
0
Khabib
2016-12-08 15:22:40
Алай алга быйлда лидер
0
admin_portal
2016-12-08 15:44:39
Khabib, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан