"Кайыңды темир жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында радиациянын деңгээли нормадан жогору болгон жүк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жүк Мерке-Аламүдүн каттамы аркылуу Кытайдан алынып келе жаткан. Аны текшерүүгө алышкан учурда радиациянын деңгээли секундасына 0,32 микрозивертти түзгөн. Мындан улам радиациялык коопсуздукту камсыздоо максатында "Кайыңды" темир жол станциясындагы атайын жайга жеткирилген. Учурда тиешелүү адистер иштеп жатышат.
Жүктүн жалпы салмагы 37 тоннаны түзгөн. Анда Кытайдан алынып келе жаткан тегирмен, кургаткыч жана кыш болгон.