Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 17:16 чамасында катталган. Анын очогу Кытай Эл Республикасынын аймагында жайгашып, күчү 3,5 баллга жеткен. Ал эми Алай районунун Нура айылында 2 баллга сезилген.
Алдын ала маалыматка таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.