Тынчы жок кошуналарды чагылдырган "Кокуй кошуна" комедиялык тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү (фото)

Бүгүн, 7-декабрда борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Кокуй кошуна" үй-бүлөлүк комедиясы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Ага тасманын жаратуучулары, чыгармачыл инсандар, атайын чакырылган коноктор, медиа өкүлдөрү жана башкалар катышышты. Анда кыргыздын белгилүү актёр-актрисалары Шайымбек Кыдырмаев, Марат Козукеев, Турганбүбү Бообекова, Нурай Аскарбекова, Анвар Осмоналиев жана башкалар роль жаратышкан. Тасма жазуучу Керез Зарлыкованын чыгармасынын негизинде тартылган. Сценарийин жазган Зарлыкова буга чейин "Көпөлөк" тасмасыныкын да жазган.

"Көпөлөк" элди ыйлаткан эле. Бул ирет менин чыгармамдын негизинде "Кокуй кошуна" комедиялык тасмасын жаратып, элге жагымдуу маанай тартуулоого аракет кылдык. Максатыбыз жаш режиссёрлорду, жаш актёрлорду, улуу муундун өкүлдөрүнүн чыгармачыл талантын көрсөтүү болчу. Максатыбыз ишке ашып жатат деп ойлойм. Жумуш убактысына карабай келген элге, чыгармачыл топко ыраазычылык билдирем".

Режиссёру Эльдар Турдумамбетов тасма тууралуу буларды билдирди:

"Тасмада үй-бүлөдөгү ата менен уулдун, кошуналардын өз ара мамилеси көрсөтүлөт. Алгач комедия жанрында тасма тарта аламбы деп, бир аз коркуу сезимдери болду. Бирок Шайымбек Кыдырмаев, Марат Козукеев, Турганбүбү Бообекова агай-эжейлер ар тараптан колдоп, күлкүлүү жерлерди кошумчалап жатышты. Андыктан алардын да бул тасмада эмгеги зор. Элдин эмоциясын көрсөтүү кыйын. Албетте, чын жүрөктөн көрүүчүнү күлдүрүү да жеңил эмес".

Тасмада Мелис аттуу каарман үй-бүлөсүн сүйгөн, камкор, жөнөкөй ата. Бир күнү коңшу турган эки кабаттуу үйдү алмакчы болуп, жарым акчасын ээсине төлөп берет. Эртеси ошол эле үйгө башка бир чыгармачыл инсан көчүп келет. Жаңы кошуна эки күндүн биринде конок тосуп, таң эрте баарына угуза кыйкырып ырдап, тынчтык бербей кууратат. Ачууланган Мелис кандай жол менен болбосун кошунасынан кутулууну чечет.

Ал ортодо концерт берип үйдүн акчасынан кутулам деген жаңы кошунанын тилегин таш кабат. Бирөөсүнүн үйүнө уурулар кирип, айтор, эки кошунанын ортосундагы кырдаал күн сайын курчуйт. Бул окуялардын баары тамашалуу диалог менен коштолот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан