Мындан 36 жыл мурун "Битлз" тобунун негиздөөчүсү, атактуу британиялык ырчы жана музыкант Жон Леннон күйөрманы тарабынан өлтүрүлгөн.
1980-жылы 8-декабрда Ж.Леннон жана жубайы Йоко Оно үйүндө журналисттерге интервью берип бүтүп, сыртка чыгышкан. Аларды лимузин унаасы келип "Record Plant" ыр жаздыруучу студиясына алып кетмек. Лимузин келбей калгандыктан, жубайлар RKO тобунун унаасында кетүүнү чечишет. Көчөдөн Ж.Леннонду күйөрмандары тегеректеп, андан кол тамга алышат. Алардын арасында Гавайиден келген 25 жаштагы кароолчу Марк Чепмен дагы болгон. Ал Жон Леннонду өлтүрүүнү ага чейин эле пландап жүргөндүгү аныкталган. Леннон студиясына барып, бирок кайра уулуна жолугуу үчүн Йоко Оно менен үйүнө кайтып келет. Леннонду күтүп турган Чепмен ага көчөдөн 5 жолу ок чыгарган. Тергөө учурунда Чепмен психикалык жактан оорулуу экендиги аныкталган. Ошондой эле ал Жон Леннондун атактуулугун көрө албай бул ишке барганын, эгер аны өлтүрсө, өзү ырчыдай атактуулукка ээ болоруна ишенгенин айткан.
Жон Уинстон Леннон 1940-жылы 9-октябрда Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө карикатура тартып журнал чыгарып, мектеп хорунда ырдаган. 1956-жылы 16 жашында "Quarrymen" аттуу топ ачып, эл алдында ырдоого өтөт. 1957-жылы музыкант Пол Макартни менен таанышып, аны өзүнүн тобуна чогуу ырдоого чакырат. 1958-жылы Леннондун апасы жол кырсыгынан каза болгон. 1959-жылы "Quarrymen" тобу тарап, ордуна "The Beatles" тобу түзүлгөн. 1963-жылы аталган топ Европа элине атагы чыгып, бир жылдан соң дүйнө жүзүнө таанылып, атактуулукка жеткен. Жон Леннон топтун лидери аталып, 1964-1965-жылдары китеп чыгарып, анда көркөм ырларды жана кара сөз түрүндөгү чыгармаларды жазган.
8-декабрга карата жылнаама.