4 жыл мурун кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Камчы Көлбаев камакка алынган. 2012-жылы 8-декабрда ал Бишкекке Дубайдан келип, өз ыктыяры менен колго түшүп берген. Ага "адам уурдоо", "мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана аны алып жүрүү" сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна абакка алынып, тергөө иштери башталган.
2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган.
Жогорку Сот 2014-жылдын май айында Камчы Көлбаевдин иши боюнча чыгарган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. 2014-жылы 8-июнда Камчы Көлбаевдин жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыккан. Ошол кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев 21-ноябрдагы “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Көлбаевге байланыштуу маселени талкуулап жаткан учурда "кримтөбөл" Камчы Көлбаев үй-бүлөсү менен Дубайга учуп кеткенин билдирген.
8-декабрга карата жылнаама.